Башкы
>
Жаңылыктар
Мобилизациялык резервдин жыйынынан (СМР) өткөн жогорку билимдүү жоокерлерден запастагы офицерлерди даярдоо боюнча бир айлык окуу жыйыны соңуна чыкты
31.10.2025
30
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө Мобилизациялык резервдин жыйынынан (СМР) өткөн жогорку билимдүү жоокерлерден запастагы офицерлерди даярдоо боюнча бир айлык окуу жыйыны соңуна чыкты.
Запастагы “кенже лейтенант” аскер наамын тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чара 2025-жылдын 29-октябрында Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүндө өттү.
Жыйындын катышуучулары окуу жыйынынын учурунда взвод командиринин кызматтык ишмердүүлүгү жана аскер илиминин теорияларын окуп үйрөнүшүп, аларды практикалык түрдө бышыкташты.
Жыйынтыгында жоокерлер комплекстүү экзамен тапшырышып, аны ийгиликтүү тапшыргандаргана офицердик “запастагы лейтенант” аскер наамына ээ болушту.