Башкы
>
Жаңылыктар
Мобилизациялык резервдин жыйынын аяктаган аскер кызматчылары ант беришти
2023-жылдын 4-октябрында 73809 аскер бөлүгүнүн базасында мобилизациялык резервдин жыйынын аяктаган аскер кызматчыларынын Аскердик ант берүү аземи болуп өттү.
Бул күнү 200дөн ашык аскер кызматкерлери Аскердик ант беришти.
Салтанаттуу иш-чарага КР Коргоо министринин биринчи орун басары- КК Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Эрлис Тердикбаев, ошондой эле мобрезервдин өздүк курамынын туугандары жана жакындары катышты.
генерал-майор Э.Тердикбаев аскер кызматчыларын окуу жыйынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, аларга мындан аркы жеке жана кесиптик өсүштө ийгиликтерди каалады.
Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрынан 4-октябрына чейин 73809 аскер бөлүгүнүн базасында өткөрүлгөн мобилизациялык резервдик окууга жыйырма эки жашка толгон жана андан улуу (40 жашка чейин), кийинкиге калтырылууга же аскерге чакыруудан бошотууга укугу жок. «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка чакыруунун жана мобилизациялык резервди даярдоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык белгиленген беш жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө төлөгөн жарандар тартылган.
Салтанаттуу иш-чара аскер кызматкерлерин салтанаттуу саптык жүрүшү менен аяктады.