Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин отуруму болуп өттү

03.07.2024
810

2024-жылдын 3-июлунда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин отуруму болуп өттү.

Отурумдун ишине коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов баштаган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин делегациясы катышты.

КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо ведомостторунун башчылары пландык жыйынына катышуудан тышкары Беларусь Республикасынын немис-фашисттик баскынчылардан бошотулушунун 80 жылдыгына карата расмий салтанаттарга да катышышты.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү бул салтанаттуу аскердик парадда Улуттук гвардиянын параддык эсебин көрсөтүштү.