Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Метрологиялык кызматтарынын башчыларынын Координациялык комитетинин отуруму болуп өттү

25.10.2023
3914

2023-жылдын 24-25-октябрында Бишкек шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин Метрологиялык кызматтарынын башчыларынын Координациялык комитетинин отуруму болуп өттү. 

Иш – чарага Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Өзбекстандын Коргоо министрликтеринин делегаттары, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн метрологиялык кызматтарынын Координациялык комитетинин катчысы полковник Андрей Роспопов катышты. 

Отурумдун жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн метрологиялык камсыздоону өркүндөтүү боюнча актуалдуу маселелер, КМШга мүчө мамлекеттердин метролог адистерин даярдоо, метрология жаатында өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгуу жөнүндө маселелер талкууланды. 

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүнүн метрологиялык кызматтарынын координациялык комитети - 2004-жылы КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин чечимине ылайык түзүлгөн.