Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Мекен коргоочулары ишембиликте

22.03.2025
581

2025-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өздүк курамы борбордун аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу субботнигине катышты. 
Өздүк курам тазалоочу шаймандарды алып, жакын жайгашкан жана бекитилген аймакты, аныны ичинде арыктарды таштандылардан, жалбырак жана чырпыктардан тазалашты.
Ишембиликке чыккан шаардыктардын арасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары да активдүү жарандык позициясын көрсөтүп, өлкөнүн тазалыгын жана көрктөндүрүлүшүн камсыздоого салым кошушту.