Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Мекен коргоочулар күнүнө карата ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

19.02.2024
1674

2024-жылдын 19-февралында Коргоо министрлигинин 36806 аскер бөлүгүндө  Мекенди коргоочулар күнүнө карата ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, ага Ош облусундагы жалпы билим берүү мекемелеринин 1000ге жакын окуучулары, студенттер жана куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери катышышты.

Иш-чарада куралдар, инженердик жана байланыш жабдыктары, сооттолгон техникалар көрсөтүлдү. Ошондой эле, жоокерлер курал менен саптык жана кол уруш ыкмаларын, куралчан топторду жок кылуу учурундагы көнүгүүлөрдү практика жүзүндө көрсөтүштү.