Башкы
>
Жаңылыктар
Машыгууну камсыздоо жогорку деңгээлде уюштурулган
Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрү менен «Чек-2025» командалык-штабдык машыгуусун даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында оорук кызматтарынын өздүк курамы - тамак-аш, кийим кече, күйүүчү- майлоочу материалдар менен камсыздоо, турак-жай пайдалануу кызматы жана медициналык камсыздоо иштерин жогорку деңгээлде уюштурушту.
Камсыздоонун алкагында машыгуунун катышуучуларына жаңы үлгүдөгү кийим кече жана экипировкалар берилип, жаңы үлгүдөгү талаа мончо-жуучу камбинаты ишке киргизилген.
Мындан тышкары талаа жагдайында нан менен камсыздоо боюнча талаа нан бышыруучу унаасы колдонулуп, тамак-аш менен камсыздоону уюштуруу максатына азык түлүк пункттары жайгаштырылган.
Ошондой эле, ӨКМ менен биргеликте талаа медициналык госпиталы жайгаштырылган.