Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

«Манас» эпосу: Аскер өнөрү заманбап контекстте» темасындагы Эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү

16.08.2023
3084

2023-жылдын 24-августунда Коргоо министрлигинин “Тамга” Аскер санаториясынын аймагында «Манас» эпосу: Аскер өнөрү заманбап контекстте» темасындагы Эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» № 126 Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Коопсуздук кеңешинин катчысы генерал-лейтенант Марат Иманкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинин өкүлдөрү академк Балтабай Абдигази уулу жана профессор Булдыбай Анарбай Саги уулу, манасчылар, ошондой эле министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Конференциянын жүрүшүндө «Манас» эпосундагы аскер кызматынын орду жана наамдар», «Манас» эпосундагы улуттук кийимдер», «Жаштарга тарбия берүүдө «Манас» эпосунун орду», «Башты көтөр Манас бабаң өӊдөнүп» аталышындагы докладдар окулуп, Айкөл Манастын образынын мисалында аскер кызматчыларын Мекенди сүйүүгө тарбиялоо жана «Манас» эпосундагы аскер өнөрүн, аскердик аспектерин изилдөө (окутуу) маселелери талкууланды.