Башкы
>
Жаңылыктар
Мамлекеттик тил күнү белгиленди
2023-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясында мамлекеттик тил күнү белгиленди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары полковник Алмазбек Карасартов жана Коргоо министрилигинин башкаруу органдарынын өздүк курамы катышты.
Коргоо министринин биринчи орун басары өз сөзүндө “...Коргоо министрлигине караштуу бардык мекеме жана аскердик бөлүктөрдө иш кагаздар, буйруктар, саптык даярдыктар жана иш-чаралар мамлекеттик тилде толук кандуу жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кыргыз тили мамлекеттик тил күнүндө гана майрамдап чектелбестен, күн сайын терең маани берилип, тилибизди өнүктүрүү башкы милдеттерибиздин бири. Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрүнүн башкы колбашчысы белгилеп кеткендей “Тил саясаты – мамлекеттик саясаттын ажырагыс, эң маанилүү бөлүгү болушу шарт.”- деп баса белгилеп кетти.
Иш-чарада мамлекеттик тилди аскер кызматында өркүндөтүү боюнча болуп жаткан иш-аракеттер тууралуу баяндамалар окулуп, мамлкеттик тилди жогорулатуу ишинде кошкон салымдары үчүн кызмат адамдары грамота жана баалуу белектер менен сыйланды.
Соңунда Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратынын жана Борбордук армия үйүнүн өздүк курамы концерттик программа тартуулады.