Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Ленинград блокадасынын 82 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрдү

18.01.2025
695

2025-жылдын18-январында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги "Кыргыз Ленинград блокадачыларынын коому" коомдук бирикмеси менен бирдикте Советтер Союзунун Баатыры генерал – майор Д.Асанов атындагы Жеңиш паркындагы Ленинград блокадачыларынын мемориалдык комплексинин жанында Ленинград блокадасынын 82 жылдыгына жана Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 80 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрдү.


Митинг-реквием Ленинград блокадачыларынын эстелигине гүл коюу, бир мүнөттүк эскерүү    менен башталды.


Иш - чарага Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, министрлер кабинеттеринин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек гарнизонунун жоокерлери,   Аскер институтунун курсанттары, КУАЛдын лицейчилери, окуучулар жана Бишкек шаарынын жашоочулары катышышты.