Башкы
>
Жаңылыктар
Ленинград блокадасына 82 жыл
2026-жылдын 27-январында Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Ленинград шаарынын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 82 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.
Иш-чарада курман болгондор эскерилип, анда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, дипломатиялык корпус, коомдук уюмдар, Куралдуу Күчтөрүнүн ардагерлери, Ленинград блокадачылары, аскер кызматчылары, КУАЛдын тарбиялануучулары, окуучулар жана борбор калаанын тургундары катышты.
Катышуучулар курман болгондордун элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришип, метрономдун добушу жаңырып, үч жолку салют атылды.
Митинг-реквиемдин соңунда катышуучулар Ленинград блокадачыларынын эстелигине гүл коюшуп, курман болгондордун элесине терең кайгыруу жана урмат көрсөтүштү.