Башкы
        >
        Жаңылыктар
    
        Лейтенант Мухтарбек Сулаймановдун эстелиги Алай районунун Гүлчө айылында ачылды
            05.02.2025        
        
            4            
        
    2025-жылдын 5-февралында баатырларча курман болгон лейтенант Мухтарбек Сулаймановдун эстелиги өзү туулуп өскөн Алай районунун Гүлчө айылында тургузулду.
Эстеликтин ачылышына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын колбашчысынын орун басарлары, Мухтарбек Сулаймановдун туугандары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Иш-чарада лейтенант Мухтарбек Сулаймановдун эрдиги жана мекенге болгон чексиз сүйүүсү эскерилди. Ал өз өмүрүн Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн курман кылып, аскер кызматында жүргөндө эң жогорку эрдикти көрсөткөн.