Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргызстандын волейбол боюнча командасы ЖККУга мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн аскердик контингенттерин жеңип, биринчи орунду ээледи

10.10.2023
3331

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Эдельвейс" полигонунда ЖККУга мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусун алкагында спорттук программалар улантылууда.

Бүгүн, 10-октябрда, биргелешкен машыгууну өткөрүүнүн календардык планында каралган ЖККУга катышкан мамлекеттердин улуттук тынчтыкты сактоочу контингенттеринин аскер кызматкерлеринин арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.

Волейбол боюнча, ал эми кечээ футбол боюнча тынчтык орнотуучулардын арасындагы спорттук салгылашуулар улуттук аскердик контингенттердин аскер кызматчыларынын аскердик чеберчилиги гана эмес, спорттук чеберчилиги да жогорулагандыгын көрсөттү.

Оюндун жыйынтыгында биздин волейболчулар биринчи орунду, экинчи орунду Россия Федерациясынын командасы, үчүнчү орунду Казакстан Республикасынын тынчтыкты сактоо күчтөрү ээледи.