Башкы
>
Жаңылыктар
«Кыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке кошкон салымы» темасында илимий-практикалык конференция болуп өттү
2025-жылдын 2-апрелинде совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 80 жылдыгын майрамдоонун алдында КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн командачылыгы даңктуу датага карата «Кыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке кошкон салымы» деген темада илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Илимий-практикалык конференцияга Коргоо министрлигинин, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын, коомчулуктун, аскердик-патриоттук клубдардын өкүлдөрү, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн командачылыгы, 97632 жана 23565 аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы, ошондой эле Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери, жалпы билим берүү мекемелеринин студенттери катышты.
Илимий-практикалык конференциянын максаты - катышкандардын бардыгына фашизмди жеңүүгө кыргызстандыктардын кошкон салымы, биздин мекендештерибиздин Улуу Ата Мекендик согуш майданындагы жана ооруктагы эрдиктери жөнүндө айтып берүү жана эскерүү болуп саналат.
Конференцияны илимий-практикалык конференциянын төрагасы катары КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары полковник Айбек Буржуев ачты.
Конференциянын жүрүшүндө КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын Улуу Жеңишке кыргызстандыктардын кошкон салымы жана Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргызстандык баатырлар тууралуу баяндамалары угулду. Авиациялык кадрларды даярдоо жана кесибин өнүктүрүү боюнча 5-борбордук курстун тарыхы, совет мезгилиндеги авиация жана асман чабуулунан коргоо күчтөрүнүн калыптанышы жана өнүгүшү жөнүндө, ошондой эле Орто Азия элдеринен чыккан биринчи улуттук учкуч Абдували Курбаналиев жөнүндө сөз болду.
“Биздин Жениш — Наша Победа" издөө кыймылынын жетекчиси Светлана Лаптева Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын элесин түбөлүккө калтыруу боюнча жүргүзүлгөн издөө иштеринин жыйынтыгына токтолуп, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын жакындары Ж. Таранчиев, О. Карымшаков согуш жылдарындагы чоң аталары менен аталарынын эрдиги жана баатырдыгы тууралуу айтып беришти.
Конференцияны КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн колбашчысы, полковник Талант Талипов жыйынтыктады.
Корутунду сөзүндө ал бардык катышуучуларга, өзгөчө баяндамачыларга ыраазычылык билдирип, жаштардагы аскердик-патриоттуулукка тарбиялоодо конференциянын актуалдуулугун баса белгилеп, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эрдигине дагы бир жолу таазим кылып, Ата Мекендин жаш коргоочуларына баатырлардын татыктуу мураскерлери болушун каалады.
Илимий-практикалык конференция катышуучулардын биргелешкен сүрөткө түшүүсү менен аяктады.