Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Улуттук  филармониясында советтик аскерлердин чектелген контингентинин Афганистандан чыгарылышынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

13.02.2024
3457

2024-жылдын 13-февралында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук  филармониясында советтик аскерлердин чектелген контингентинин Афганистандан чыгарылышынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. 

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Афганистанда интернационалдык милдетин аткарган аскер кызматчыларын кезектеги тарыхый датасы менен куттуктады. 

Иш-чарада Коргоо министри интернационалист-аскерлерге кайрылып, - «Афган согушунан жарым миллион советтик жоокерлер жана офицерлер афган талаасында болушкан. Анын ичинде 7141 кыргызстандыктар болсо, алардын 300 курман болушуп, 4 дайынсыз жоголуп, 1500 жарадар болуп, контузия алышкан. Биз аларды унутууга акыбыз жок. Аскер адамдары ал согушка аскердик антына бекем туруп барышкан. Ошол миңдеген аскерлер жоокердик, аскердик ыйык милдетин аткарып жатып өз өмүрлөрүн беришти”,- деп баса белгиледи.

Ошондой эле, Коргоо министри “Кагылышуулар аягына чыгат, ал эми тарых түбөлүктүү. Афган согушу да тарых барактарында калды. Ал адамдардын эсинде көпкө унутулбайт. Себеби анын тарыхы жоокерлердин каны жана энелердин көз жашы менен жазылган. 

Силердин балдар, жакындарыңардын балдары, тааныштар, дегиле эч ким согуш деген эмне экенин билбесин. Баардыгы тынчтыкта жана бейпилдикте жашасын», -деди өз сөзүндө.

Иш-чара улуттук филармониянын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.