Башкы
>
Жаңылыктар
Кыргыз улуттук аскер лицейинин мураскерлерине “Саманчынын жолу” фильми көрсөтүлдү
02.05.2025
58
2025-жылдын 1-майында Кыргыз улуттук аскер лицейинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Геннадий Базаровдун “Саманчынын жолу” аттуу көркөм тасмасы көрсөтүлдү.
Иш-чаранын алкагында фильмди аскер лицейинин мураскерлери атактуу кыргыз кино актерлору, режиссерлору жана операторлору менен бирге көрүшүп, тасмадагы патриоттук жана адамдык баалуулуктар тууралуу терең талкуу жүргүзүштү.
Мураскерлер тарабынан берилген суроолорго кино актерлор жооп берип, тарыхты унутпоо маанилүү экенин баса белгилешти.