Башкы
>
Жаңылыктар
Кыргыз улуттук аскер лицейине Индия Республикасынын Улуттук кадеттик корпусунун өкүлдөрү келди
27.11.2023
1850
2023-жылдын 25-ноябрында Советтер Союзунун Баатыры генерал- майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине Индия Республикасынын Улуттук кадеттик корпусунун өкүлдөрү келди.
Кыргыз улуттук аскер лицейинин башчысы полковник У.Исаков Индия Республикасынан келген конокторду кабыл алып, аскер лицейи менен тааныштырды. Иш- чаранын алкагында конокторго Кыргыз улуттук аскер лицейинин окуу процесси менен тааныштырылып, мураскерлер менен жолугушуу иш- чаралары өткөрүлдү. Ошондой эле, кыргыз каада-салтын, үрп адатын чагылдырган концерттик программа тартууланды.
Аталган иш-чара Индия Республикасынын Улуттук кадеттик корпусу менен Кыргыз улуттук аскер лицейинин ортосундагы бекиген меморандумунун негизинде ишке ашырылууда.