Башкы
>
Жаңылыктар
Кыргыз улуттук аскер лицейинде "Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты" аталышындагы сабактар болуп өттү
2025-жылдын 5-февралында Кыргыз улуттук аскер лицейинде теолог лейтенант Ислам Кылычбек уулунун жетекчилигинде “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” аталышындагы сабактар өткөрүлдү.
Сабактарга аскер лицейинин өздүк курамы, мугалимдер жана тарбиялануучулар катышып, дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү жаңы кабыл алынган мыйзамдардын талаптары боюнча маалымат алышты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал, анын ичинде тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмдардын идеологиялары боюнча да маалыматтар талкууланды.
Сабактарда видеороликтер көрсөтүлүп, катышуучулар тарабынан суроо-жооп сессиялары уюштурулуп, катышуучулар өздөрүнүн суроолорун берүүгө жана негизги темалар боюнча пикир алышууга мүмкүнчүлүк алышты.