Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Коргоо министрликтеринин юридикалык кызматтарынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү

24.11.2025
48

2025-жылдын 17-20-ноябрь күндөрү Москва шаарында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Коргоо министрликтеринин юридикалык кызматтарынын  жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн юридикалык кызматтарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу маселелери талкууланды.

Жолугушууда тараптар Куралдуу Күчтөрдүн юридикалык кызмат бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү жана аскердик мыйзамдардын тутуму; өзгөчө укуктук режим шарттарында юридикалык кызматтардын иштөөсүнүн өзгөчөлүктөрү, улуттук маалымдама бюросун түзүү жана иштөөсү боюнча тажрыйба алмашуу, Россия Федерациясынын жогорку аскердик окуу жайларында билим алып жаткан аскер кызматчыларынын (угармандардын) социалдык-укуктук маселелери тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Тараптар укуктук камсыздоо тармагында мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешип, Куралдуу Күчтөр үчүн укуктук чөйрөнү жакшыртуу боюнча биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экенин билдиришти.