Башкы
>
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти Аскер институтунун курсанттарына президенттик стипендияны тапшырды
17.12.2024
611
2024-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окууда, илимий-чыгармачылык жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн жогорку окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия ыйгарды.
Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун 4-курсунун курсанттары Ардак Жээнбеков , Сыргабек Дияз уулу жана Сүйүнтбек Шамшиев татыктуу болушту.