Башкы
>
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жетекчилик курамы менен өтүп жаткан оперативдик жыйыны аяктады
Бүгүн, 2024-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жетекчилик курамы менен оперативдик жыйыны аяктады.
Опертивдик жыйын Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотовдун жетекчилиги алдында өткөн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2024-жылга карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана милдеттерди белгилөө менен аяктады.
Жыйынтык чыгаруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2024-жылдагы эл аралык аскердик кызматташтык, аскердик билим берүү жана укуктук камсыздоо жаатындагы иш-чаралары, ошондой эле министрликтин материалдык-техникалык жана экономикалык жактан камсыз кылуу боюнча билдирмелери угулду.
Коргоо ведомствосунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып, корутунду сөзүндө генерал-лейтенант Б. Бекболотов “«...Коргоо министрлигинин негизги күч-аракети Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды ишенимдүү коргоону камсыз кылуу максатында Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө, ошону менен Кыргызстандын мындан ары да өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү...».
Коргоо министрлигинин 2025-жылга карата милдеттерин аныктап жатып, коргоо министри “... Куралдуу Күчтөрдү куруу жана өнүктүрүү боюнча бардык пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жана так аткарууга, башкаруу органдарын, кошуундарын жана мекемелерин максатка ылайык тапшырмаларды аткарууга даярдоого...» өзгөчө көңүл бурду.
Жыйынтыгында жыйындын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн 2024-жылга даярдоонун жыйынтыгы жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө” ошондой эле, «2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча аскер кызматчыларын сыйлоо жөнүндө», буйруктары жеткирилип, коргоо ведоствосунун мыкты аскер бөлүктөрүнө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өтмө вымпелдери ыйгарылды.