Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын кошуундарында жана аскер бөлүктөрүндө жаңы окуу жылынын башталышына арналган митинг болуп өттү

01.12.2023
1864

2023-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын кошуундарында жана аскер бөлүктөрүндө жаңы окуу жылынын башталышына арналган митинг болуп өттү.

Митингке Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Руслан Мукамбетов жана КР КК Улуттук гвардиясынын өздүк курамы катышышты.

Иш-чарада генерал-майор Р. Муканбетов өздүк курамды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окуу жылына карата негизги тапшырмалар жана максаттарды жеткирди.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясында окуу мезгилинин биринчи сабактары өткөрүлө баштады.