Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов Түркия Республикасында болду

06.12.2023
4341

2023-жылдын 27-ноябрынан 1-декабрына чейин Кыргыз, Түрк эки тараптуу аскердик кызматташуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов Түркия Республикасында болду.

Кызматтык иш-сапарынын алкагында гвардиянын полковниги Т.Эргешов Түркия Республикасынын Президенттик гвардиясынын күзөт полкуну, атайын операциялар күчтөрү, музыкалык оркестри, гуманитардык жардам берүү боюнча бригадасы жана Улуттук коргоо университетинин кургактагы аскерлеринин окуу жайы менен таанышты.

Жолугушуунун соңунда тараптардын перспективдүү кызматташууларын мындан ары дагы кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.