Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 33 жылдыгы белгиленди

29.05.2025
447

2025-жылдын 29-майында Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 33 жылдыгы белгиленди.

Салтанаттуу иш-чарага Коргоо министрлигинин Борбордук аппараттарынын башкаруу органдарынын, аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, Бишкек гарнизонунун жоокерлери, аскер лицейинин тарбиялануучулары, ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагерлери катышты.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов өз сөзүндө көз карандысыз жана эгемендүү Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн калыптануу жолун хронологиялык белгилеп, кыргыз эли өзүнүн коргоочуларынын эмгегин ар дайым жогору баалагандыгын өзгөчө баалады.

Иш-чарада кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчыларын жана кызматчыларын ведомстволук медалдар, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин буйругу жеткирилди.

Салтанаттуу иш-чара Коргоо министрлигинин Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл тобу даярдаган майрамдык концерт менен аяктады.