Башкы
>
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн психолог-офицерлери үчүн тренинг өтүүдө
06.10.2025
55
2025-жылдын 6-октябрында Дайыр Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинин базасында Куралдуу Күчтөрдүн офицер-психологдор үчүн атайын тренинг башталды.
Бул иш-чарага Индия Республикасынын психологиялык изилдөөлөр боюнча коргоо институтунун жогорку квалификациялуу адистери тартылып, тажрыйба бөлүшүүдө.
Тренингге Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн — Чек ара кызматынын, ЖАМКнын, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Коргоо министрлигинин офицер-психологдору активдүү катышууда.
Иш-чаранын максаты — кызмат өтөө шартындагы психологиялык туруктуулукту жана аскер кызматкерлеринин моралдык-психологиялык даярдыгын жогорулатуу.