Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде 8 - март Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү

07.03.2025
957

Бүгүн, 2025-жылдын 7-мартында Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратында жана Генералдык штабда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде 8 - март Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.

Майрам алдында коргоо ведомствосунун бардык аскердик бөлүктөрүндө жана мекемелеринде адаттагыдай таң эрте кызматка келген бардык айымдарды аскердик оркестрдин коштоосунда жылуу маанай тартуулап, гүл менен  тосуп алышты.

Белгилей кетсек, кошуундарда, бөлүктөрдө жана мекемелерде аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар уюштурулуп, концерттик программалар өткөрүлдү.

Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратынын жана Генералдык штабдын, ошондой эле Бишкек гарнизонунун өздүк курамы катышкан салтанаттуу иш-чара
 Б. Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде уланды.

Иш-чарада коргоо министрлигинин жетекчилигинин атынан коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев сөз сүйлөп, ак ниет эмгеги менен аскердик жамааттардын күжүрмөн даярдыгын жакшыртууга салмактуу салым кошуп жаткан айымдардын эмгегин баалап, аскер айымдарын куттуктады.

Андан соң аскердик кызматында ийгилик жараткан аялдарды сыйлоо тууралуу Коргоо министринин буйругу жеткирилди.

Иш-чара Куралдуу Күчтөрдүн Аскердик армия үйүнүн чыгармачыл тобунун чоң программадагы концерти менен жыйынтыкталды.