Башкы
>
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингенти Беларусь Республикасында өтүүчү биргелешкен стратегиялык-оперативдик «Күжүрмөн боордоштук – 2023» машыгуусуна катышуу үчүн Беларусь Республикасына барды
16.08.2023
3525
2023-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингенти Беларусь Республикасында өтүүчү биргелешкен стратегиялык-оперативдик «Күжүрмөн боордоштук – 2023» машыгуусуна катышуу үчүн Беларусь Республикасына барды.
Машыгууга Кыргыз Республикасынын, Казакстан, Таджикистан, Армения, Беларусь Республикаларынын жана Россия Федерациясынын аскердик контингенттери катышат.
Машыгуу 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Беларусь Республикасынын полигондорунда өтөт.