Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН АРДАГЕРЛЕРИНИН КАЙРЫЛУУСУ

22.01.2024
4590

Авиациялык кырсыктан каза болгон капитан Жайыл Самудиновдун жакындары аза кайгысын тартып, авиациялык кырсыктан жабыркаган аскер кызматчыларынын жакындары, достору жана кесиптештери алардын тез сакайып кетүүсүн тилеп, элибиз көңүл айтып коомубуз биригип турган кезде бул кайгылуу кырдаалды жеке кызыкчылыгына пайдаланган адамдар да болбой койгон жок.

Ошентип, Р.Жоробаев Мекендин мыкты коргоочуларынын бири капитан  Ж.Самудиновду сөөгү муздай электе, акыркы сапарга узатуу зыйнатында боз үйдүн фонунда маек берди.

Ушул учурга чейинки Р.Жоробаевдин аракеттеринен Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүн каралоого багытталган пиар-кампанияларынын бардыгы анын жаштыгына жана аскердик тартипти одоно бузганы үчүн жоопкерчиликтен качуу максатында жасалып жатат деп ойлосок (укуктук тартип бузуулар, мушташтар, башчыга карата зордук-зомбулук аракеттери, башчынын кол тамгасын жасалмалоо), көрсө анын кылган ишинин түпкү тереңинде адамдык абийирсиздик, офицердик ар-намыс деген түшүнүктүн, кыргыз элинин адеп-ахлактык принциптеринин жоктугу экендигине күбө болдук. 

Ата-энеси кан жутуп турган ушундай кайгылуу учурда өзүнүн куралдашынын сөөгү жаткан боз үйдүн (сүрөтүнүн) фонун керт башынын кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга болобу деген суроо жаралбай койбойт? Анын бул жосуну адамдык, офицердик же элибиздин моралдык нормаларына туура келеби? Сизге собол, Р. Жоробаев мырза. 

Ал маек берип жаткан учурда анын жүзүнөн кесиптештерин кемсинтип, өзүн актап, бардык күнөөлөрү үчүн өзүн эмес, ар кимди күнөөлөгөнү айдан ачык көрүнүп турду.

Аскердик системада биринчиден, чынчылдык, адептүүлүк, асылдык, улууну урматтоо, кичүүлөргө кам көрүү сыяктуу сапаттар талап кылынат, офицердик курамда мындай мырзаларга орун жок.

Аттиң, бул сапаттарды Р.Жоробаевдин акыркы маегинде да байкаган жокпуз.

Андан интервью алган журналисттерге да жол болсун. Кыязы фонду ошолор тандашса керек. Бирок алардан көп суроо-талап жок. Алар үчүн эң негизгиси маалыматты биринчилерден болуп берүү, тилекке каршы аза үстүндөгү моралдык принциптер түйшөлткөн жок. Эң негизгиси интернет мейкиндигине биринчилерден болуп жарыялоо. 

Айтмакчы, журналисттик кесип коомдо эң эски кесиптерден кийинки экинчи кесип деп аталат жана муну журналисттер өздөрү да танбайт.

Р. Жоробаев мырзадан интервью алган журналисттерге да таазим. Жер жүзүндөгү эң байыркы (биринчи) кесиптин өкүлдөрү да буларга караганда адеп-ахлактык жактан туруктуу, алар аза күтүү күндөрү боорукердик сезиминен улам иштебейт, бирок бул журналисттерде, тилекке каршы, андай сапаттар жок.