Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкармалыктарынын арасында өтүп жаткан волейбол боюнча турнир аяктады

19.02.2025
174

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкармалыктарынын арасында өтүп жаткан волейбол боюнча турнир аяктады.

Турнирдин жеңүүчүлөрүн КР КК Генералдык штабынын башчысы-Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Руслан Мукамбетов куттуктап, ардак грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Мелдештин жыйынтыгы менен:

1-орунду КР КК ГШ башкы күжүрмөн даярдык башкармалыгына топтолгон курама командасы,

2-орунду КР КМ кадрдык иштер башкармалыгына топтолгон курама командасы,

3-орунду КР КМ башкы куралдануу башкармалыгына топтолгон курама командасы ээледи.

Ошондой эле, мыкты оюн көрсөткөн аскер кызматчыларына номинациялар тапшырылы. Алар, “Мыкты чабуулчу” майор Б. Исмаев, “Мыкты коргоочу” подполковник К. Осмонбаев, “Мыкты оюнчу” капитан Б. Болотовдор болду.