Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо башталгандыгы жөнүндө маалымат

02.04.2024
4903

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445 токтому менен бекитилген Акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо жана көрсөтүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги “УАК Дастан” ААК башкаруу органдарына талапкерлерди көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.

 Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 12-апрелинде саат 18.00 чейин Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсү 26-үй дареги боюнча жүргүзүлөт.

 Кадрлардын резервин тандоого катышууну каалоочулар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин атына жеке арызы;

- кадрларды каттоо боюнча барак/анкета;

- резюме;

- өмүр баян (кол менен жазылган жана басылган);

- тиешелүү билимин, квалификациясын, же атайын наамын тастыктаган документтердин көчүрмөсү, ошондой эле билим алуу убагында алган баалары көрсөтүлгөн тиркемелери (нотариустан күбөлөнгөн);

- паспорттун көчүрмөсү;

- соттолбогондугун тастыктаган маалым кат;

- кызыл фондогу сүрөт 3х4, 4 даана.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүсү зарыл:

а) соттолгон эместиги, ошонун ичинде жабылганы жоктугу;

б) 27 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес;

в) экономика (финансы, бухгалтердик каттоо жана аудит), башкаруу, юриспруденция жана чарбакер коомдун ишине дал келүүчү тиешелүү адистиги боюнча жогорку билиминин бардыгы;

г) мамлекеттик жана расмий тилди билген;

д) иш тажрыйбасы:

- жетекчи катарында 5 жылдан кем эмес, жеке менчик формасына көз каранды эмес коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарынын жетекчисинин орун басары (жетекчи, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин орун басары); же 

- 5 жылдан кем эмес мамлекеттик жарандык кызматта (анын ичинде аскердик) финансы - экономикалык  тармагындагы мамлекеттик органдарда “С-А” категориясынан төмөн эмес кызматтарда же болбосо чарбакер коомдун ишмердигине тиешелүү профилдеги мамлекеттик органдарда иш тажрыйбасы болушу зарыл. 

 

КР КМ коомдук кабылдамасы: 0312 66-44-44,  op.minoboron@bk.ru