Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкердерди тандоо башталгандыгы жөнүндө жарыялайт

28.02.2025
2324

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4- сентябрындагы №445 токтому менен бекитилген Акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо жана көрсөтүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги “УАК Дастан” ААК башкаруу органдарына талапкерлерди көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкердерди тандоо башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.

Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 20-мартында саат 18.00 чейин Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсү 26-үй дареги боюнча жүргүзүлөт.

Кадрлардын резервин тандоого катышууну каалоочулар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрине жеке арызы;

- кадрларды каттоо боюнча барак/анкета;

- резюме;

- өмүр баян (кол менен жазылган жана басылган);

- тиешелүү билимин, квалификациясын, же атайын наамын тастыктаган документтердин көчүрмөсү, ошондой эле билим алуу убагында алган баалары көрсөтүлгөн тиркемелери (нотариустан бекитилген);

- паспорттун көчүрмөсү;

- соттолбогондугун тастыктаган маалым кат;

- кызыл фондогу сүрөт 3х4, 4 даана.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүсү зарыл:

а) соттолгон эместиги, ошонун ичинде жабылганы; б) 27 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес;

в) экономика (финансы, бухгалтердик каттоо жана аудит), башкаруу, юриспруденция жана чарбакер коомдун ишине дал келүүчү тиешелүү адистиги боюнча жогорку билими бардыгы;

г) мамлекеттик жана расмий тилди билген; д) иш тажрыйбасы:

- жетекчи катарында 5 жылдан кем эмес, жеке менчик формасына көз каранды эмес коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарынын жетекчисинин орун басары (жетекчи, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин орун басары); же

- 5 жылдан кем эмес мамлекеттик жарандык кызматта (анын ичинде аскердик) финансы - экономикалык тармагындагы мамлекеттик органдарда “С-А” категориясынан төмөн эмес кызматтарда же болбосо чарбакер коомдун ишмердигине тиешелүү профилдеги мамлекеттик органдарда.