Башкы
>
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Бишкек шаарынын санитардык жана экологиялык абалды жакшыртуу ишине активдүү катышууда
2024-жылдын 30-мартында КР Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратынын жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын өздүк курамы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» КР Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрынан №305 Жарлыгынын алкагында ишембилик өткөрүштү.
Аскер кызматчылар Логвиненко көчөсүнүн бөлүнгөн аймагында Чүй проспектисинен Л.Толстой көчөсүнө чейин тазалоо иштерин аткарышты. Аймак таштанды, жалбырактардан, кургак чөптөрдөн тазаланып, ошондой эле арыктар тазаланды.
Эскерте кетсек, ишембилик Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калк жайгашкан жерлеринин социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында жүргүзүлөт.