Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин кубогу үчүн өтүп жаткан мини-футбол жана волейбол боюнча турнир аяктады

24.05.2024
783

2024-жылдын 24-майында Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор 
Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин базасында Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин кубогу үчүн кичи-футбол жана волейбол боюнча турнир аяктады.

Коргоо министринин кубогу үчүн мелдеш үстүбүздөгү жылдын 20-майында башталып, ага Коргоо министрлигинин бардык аймактарындагы аскер бөлүктөрүнөн командалар келишкен. 

Спорттун эки түрүнө сегиз команда катышты. Алар, Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратынын жана КР КК Генералдык штабынын курама командасы, 52806 аскер бөлүгүнүн базасында түзүлгөн команда, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын, 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын, Куралдуу Күчтөрдүн аскер институтунун жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын эки курама командалары.

Натыйжада төмөнкү командалар жеңишке жетишти.

 кичи футбол боюнча:

1-орун- 52806 аскер бөлүгүнүн базасында түзүлгөн команда

2-орун - Баткен гарнизонунун аскер кызматчыларынан түзүлгөн

Түштүк - Батыш оперативдик командачылыгынын командасы 

3-орун - Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн командасы

волейбол боюнча:

1 орун  - Баткен гарнизонунун аскер кызматчыларынан түзүлгөн Түштүк - Батыш оперативдик командачылыгынын командасы 

2-орун - Ош жана Жалал-Абад гарнизондорунун аскер кызматчыларынан түзүлгөн Түштүк - Батыш оперативдик командачылыгынын командасы 

 3-орун- Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн командасы.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин кубогуна арналган кичи-футбол жана волейбол боюнча турнирдин жабылыш аземине Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Р. Мукамбетов катышып, турнирдин жеңүүчүлөрүнө министдин өтмө кубогун тапшырып, мыкты оюнчуларга дипломдорду тапшырды.