Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 8-март – Эл аралык аялдардын күнү менен куттуктоосу

08.03.2024
1617

Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 8-март – Эл аралык аялдардын күнү менен куттуктоосу.

8-март – Эл аралык аялдардын майрамы, жадыраган жаз айларынын алгачкы күндөрүнө туш келет. Бул майрам адамзаттын эң назик, аяр, ажарлуу асылзатына болгон урматтоону, жылуу мамилени көрсөтөт.

Биздин элдин тарыхында аялзаты үй-бүлөнүн куту болуп, ошол эле мезгилде саясатта, коомдук турмушта, маданиятта, ал тургай Мекенди коргоодо дагы өз салымын кошуп келет.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында жүздөгөн аял аскер кызматчылары – байланышчылар, медиктер, финансисттер, жооптуу аткаруучулар, тигүүчүлөр жана көптөгөн башка адистеги айымдар аскер кызматын өтөп келишет.

Сиздер, урматтуу айымдар, офицер мырзалардан, прапорщик жана сержант жигиттерден кем калышпастан ары оор, ары жооптуу, ошол эле учурда сыймыктуу кесипти аркалап келесиздер.

Сиздер бар үчүн аскердик жамааттарда жылуу маанай өкүм сүрүп келет.

Сиздер мырзаларга дем-күч бересиздер.

Урматтуу ажарлуу айымдар!

Бардыгыңыздарды 8-март - Эл аралык аялдардын майрамы менен куттуктайм. Ден-соолукта болуп, үй-бүлөңүздөр менен аман болуңуздар. Кызматыңыздарды албан-албан ийгиликтер коштосун.

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов.