Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Түркия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушту

09.07.2025
110

Бүгүн, 9-июлда Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Коргоо министри элчини жаңы кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. 

Тараптар аскердик кызматташтык жаатында пикир алмашып, бул кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты.