Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Тажикстан Республикасынын Коргоо министри менен жолукту

06.12.2023
4933

2023-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов жетектеген КР Коргоо министрлигинин делегациясы Тажикстан Республикасынын Гулистон шаарына жумушчу сапары менен барды. 

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Б.Бекболотов Тажикстан Республикасынын Коргоо министри генерал-полковник Шерали Мирзо менен менен жолугушуп, эки тараптуу аскердик кызматташтыктын учурдагы актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.