Башкы
>
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Россия Федерациясынын Тула шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты
29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Россия Федерациясынын Тула шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Жыйындын алкагында коргоо ведомстволорунун башчылары дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал жана КМШнын жоопкерчилик зонасындагы учурдагы чакырыктарды жана коркунучтарды чечүүдө мындан аркы чаралар боюнча пикир алмашышты.
Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары Шериктештик форматындагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу маселелерин, анын ичинде КМШнын абадан коргонуунун бириккен тутумун өнүктүрүү, аскер кадрларын биргелешип даярдоо жана бөлүкчөлөрдүн талаа машыгуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларды талкуулашты.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин 2024-жылга карата Иш планы бекитилди.