Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов КР КМ 73809 аскер бөлүгүнө пландуу текшерүү жүргүздү

11.09.2023
4078

2023-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов КР КМ 73809 аскер бөлүгүнө пландуу текшерүү жүргүзүп, анда аскер бөлүктүн инфраструктуралык объектилеринин курулушу жана оңдолушу, тактап айтканда аскер шаарчасынын аймагына салынып жаткан бала бакчанын курулушу жана жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштери менен таанышты.

Мындан тышкары, коргоо ведомствосунун башчысы мобилизациялык резервдик жыйынынын өтүүсүнүн (СМР) тартиби, алардын жашоо шарттары, кийим-кече менен камсыздалышы жана аскер кызматчыларынын тамактануусунун уюштурулушу менен таанышты. Ошондой эле, мобилизациялык резервдин жыйынынын өздүк курамы менен баарлашты.

Коргоо министри аскер бөлүктүн кызмат адамдарына мобилизациялык жыйынын өтөп жаткан аскер кызматчыларын даярдоону мындан ары да өркүндөтүүнү жана имараттарды куруу, ремонт иштерин жүргүзүү жана кыш мезгилине даярдоо боюнча ишинин темпин жогорулатуу боюнча тийиштүү көрсөтмөлөрдү берди.