Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов иш сапарын Нарын облусунда улантууда

09.11.2023
3701

Б. Бекболотов Нарын облусунун ардагерлери, коомдук уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Нарын гарнизонунда жайгашкан кошуундардын, бөлүктөрдүн жана мекемелердин командачылыгы жана өздүк курамы менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Жыйындарды ачып жатып, Б. Бекболотов катышуучуларга дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал тууралуу, мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Кыргызстандын жана Коргоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Андан соң аскер кызматчыларынын кызматын cоциалдык жакшыртуу, турак жай менен камсыз кылуу, пенсияларды жогорулатуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жеңилдиктер жана согуш аракеттерине катышкан ардагерлеринин социалдык пакетин жогорулатуу маселелери талкууланды.

Ардагерлерди жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө санитардык-курорттук дарылоону уюштуруу маселеси катышуучуларды өзгөчө кызыктырды.

Мындан тышкары, министр аскер комиссариаттарынын абалы жана алдыдагы кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты.