Башкы
>
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Б.А. Бекболотовдун Баткен коогалаңынын ардагерлерин куттуктоосу
Жолдош генералдар жана офицерлер, прапорщиктер, сержанттар жана жоокерлер!
Урматтуу Баткен окуяларынын ардагерлери!
Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында 1999-2000-жж. Баткен облусундагы эл аралык терророрчулар менен куралдуу кагылыш болуп өткөнүнө 24 жыл болду.
Кыргыз Куралдуу Күчтөрүнүн жоочуларга каршы операцияларынын күжүрмөн жана моралдык тажрыйбасынын бөксөрбөс баалуулугу, биринчилерден болуп биздин өлкө кыска мөөнөттүн ичинде эл аралык террорчулардын мизин кайтарууга жетишкен.
Эл аралык террорчулардын аракеттери моралдык жана материалдык чыгымдарды алып келип, тынч жашоочулар жана 52 аскер кызматчылар каза болду, чет өлкөлүк жарандар барымтага алынды. Сегиз миңден ашуун тынч жашоочулар өз үйлөрүн таштап чыгып, качкындар үчүн лагерде баш калкалашты.
Ошондогу кайгылуу күндөрдө, аскер кызматчылары конституциялык жана аскердик милдетти аткарууда өз жанын аябастыктын белгиси болуп “Милдет Намыс. Ата Мекен” деген ураандын терең мааниси ачылган.
1999-2000-жылдардагы аскердик кампаниянын жыйынтыктары биздин өлкөнүн жаңы тарыхында татыктуу орун алган. Ошол жылдары улуттук армия бийик тоолуу шарттарда күжүрмөн аракеттерди жүргүзүү, өлкөнүн коопсуздугу үчүн күч министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик башкаруу органдардын жана чарбалык субъекттердин ортосунда ар тараптуу оперативдүү, күжүрмөн жана натыйжалуу өз ара аракеттенишүүнү уюштурууда уникалдуу жана баа жеткис тажрыйба алды.
Салгылашуулардын жыйынтыгына алып келген негизги факторлор катары жоокерлер жана офицерлер, республиканын жөнөкөй жарандары болуп, алардын жогорку патриоттуулугу жана тууруктуулугу шексиз. Бирок биздин эл жана Мекен коргоочулар сыноолорду жеңүүдө өздөрүнүн чечкиндүүлүгүн, туруктуулугун жана кайраттуулукту көрсөтө алышты, бул оор сыноо биздин элдин биримдигин бекемдеди. Жоокерлер эрдикти көрсөтүп, ар-намыс менен, өз өмүрүн аябастан, мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин коргошту.
Колдорундагы куралын түшүрбөй, өз мамлекетинин эркиндигин жана көз карандысыздыгын сактап калган өз уулдарынын эмгегин Мекен татыктуу баалады.
Кыргызстандык жоокерлердин көпчүлүгү жогорку мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Алардын ичинен: II даражадагы «Манас» ордени - 2 адамга, III даражадагы «Манас» ордени – 44 адамга, «Эрдик» медалы - 203 адамга, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы – 165 адамга ыйгарылды.
Аскердик милдетин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын эмгегин таануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 615 токтому менен 26-октябры 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын убагында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду урматтоо жана Эскерүү күнү деп белгиленди.
Биздин Мекен коргоочулар, кыйын жана оор сыноолорду татыктуу өтүп, мындан ары дагы туруктуулуктун, эрдиктин жана Мекенге жан аябастык менен кызмат кылуунун үлгүсү болооруңарга ишенем.
Барыңыздарга бекем ден соолук, ачык асман жана Мекенибиздин өнүгүп-өсүшүнө арналган кызматыңыздарга ийгиликтерди каалайм.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министри
генерал-лейтенант Б.А. Бекболотов