Башкы
        >
        Жаңылыктар
    
        Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиясынын 17-отуруму болуп өттү
            05.10.2023        
        
            3865            
        
    2023-жылдын 4-5-октябрында чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары полковник Алмазбек Карасартовдун катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиясынын 17-отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын коргоо ведомстволорунун аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы актуалдуу маселелер жана мындан аркы өнүгүүсү талкууланды.
Отурумдун соңунда тараптар эки мамлекет ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту.
 
                 
               
               
               
               
               
               
               
               
               
              