Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын коргоо ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу аскердик кызматташтыктын учурдагы перспективалары талкууланды

16.04.2024
3046

2024 – жылдын 16-апрелде Кыргыз Республикасынын Курладуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы- Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Р.М. Мукамбетов Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин алдындагы коргоо маселелери боюнча аскердик атташеси улук полковник Лю Вэйдон менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын коргоо ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу аскердик кызматташтыктын учурдагы перспективалары талкууланды.

КР КК Генералдык штабынын башчысы-Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Р.М. Мукамбетов Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын коргоо ведомстволорунун ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана чыңдоодо аскердик атташенин аппаратынын жүргүзүп жаткан иштерин баса белгиледи.