Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз аскер лицейинин тарбиялануучуларынын математика боюнча эл аралык олимпиададагы ийгилиги

19.04.2024
3037

Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үстүбүздөгү жылдын 6-10 – апрелинде Өзбекстан Республикасынын Үргөнч шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин мектеп окуучулары арасындагы эл аралык олимпиадага катышышты.

 

Кыргыз Республикасынын командасы аскер лицейинин 10 жана 11-класстарынын тарбиялануучуларынан түзүлүп, ага аскер лицейинин математика мугалими Айнура Исраилова жетекчик кылды. 

Республикабыздын намысын тарбиялануучулар Гүлдөсүнов Алихан, Сагынбаев Арлен, Беримбаев Айжигит жана Саматов Темирлан коргошту.

 

Аскердик лицейдин командасы маселелерди чечүүдө оригиналдуулугу менен айырмаланып, мыкты командалык шайкештикти жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү көрсөтүп, математика боюнча үчүнчү орунду ээледи.

 

Жыйынтыгында биздин лицейчилер олимпиаданын дипломдору, кубок жана башка сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Олимпиаданын алкагында кеңири маданий программа уюштурулуп, Үргөнч шаарына, Авеста Монументине, Жалолиддин Мангуберди комплексине экскурсиялар, ошондой эле ар кандай интеллектуалдык оюндар болу өттү.

Биздин тарбиялануучуларды жана алардын жетекчисин эл аралык олимпиададагы ийгилиги менен куттуктайбыз.