Башкы
>
Жаңылыктар
Күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыктын жыйынтыгы чыгарылды
2025-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунда Республиканын топтоо пункттарынын башчылары жана аскер комиссарларынын катышуусу менен 2025-окуу жылындагы күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыктын жыйынтыгы чыгарылды.
Иш-чарага КР Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов, ошондой эле Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы – коргоо министринин биринчи орун басары полковник Тариэль Отонбаев катышты.
Жыйынтыктоочу иш-чарада 2025-жыл ичинде топтоо пункттарынын жана аскер комиссариаттарынын кылган иштери талданып, жетишкендиктери белгиленип, жол берилген кемчиликтер боюнча так көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле 2026-жылга карата негизги милдеттер жана артыкчылыктуу багыттар аныкталды.
Жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен топтоо пункттарынын жана аскер комиссариаттарынын өздүк курамы Коргоо министрлиги тарабынан сыйлыктар менен сыйланышты.
Бул иш-чара Куралдуу Күчтөрдүн кужурмон жана мобилизациялык даярдыгын өркүндөтүү, ошондой эле аскердик башкаруу органдарынын координациясын күчөтүү максатында маанилүү кадам болуп саналат.