Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Күжүрмөн даярдык борборунун базасында командирлердин укуктук иштер боюнча жардамчылары менен окуу-методикалык окуулар өткөрүлүүдө

02.11.2023
4089

2023-жылдын 2-октябрынан баштап усулдук даярдыкты жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдык борборунун базасында командирлердин укуктук иштер боюнча жардамчылары менен окуу-методикалык окуулар өткөрүлүүдө. 

Жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкү темалар боюнча сабактар өткөрүлүүдө: Аскердик кылмыштар боюнча соттук практика; аскер кызматчыларына кызматтык турак жайларды берүүнүн тартиби; Куралдуу (куралсыз) конфликттерде командирдин укуктук иш боюнча жардамчысынын (юристтин) ролу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасынын негизги жоболору жеткирилет.