Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Куруучулардын кесиптик майрамы белгиленди

01.08.2025
48

2025-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде Куруучулардын кесиптик майрамы белгиленди.

Иш-чара Коргоо министринин орун басарынын кызматын убактылуу аткаруучу полковник Азизбек Байбалаевдин жетекчилигинде өтүп, ага Президенттин иш башкармалыгынын, Иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасынын, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын, бир катар ЖЧК курулуш компанияларынын өкүлдөрү жана Коргоо министрлигинин Бишкек турак жай пайдалануу жана камсыздоо базасынын кызматкерлери катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө Коргоо министринин сыйлоо жөнүндө буйругу окулуп, кызматында ийгилик жараткан кызматкерлер ведомстволук медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, 100 жыл мурун, тактап айтканда 1925-жылдын 2-августунда, Кыргыз Республикасында биринчи курулуш органы түзүлгөн. Ал эми 2025-жылдын 1-июлунда Министрлер Кабинетинин №381 токтому менен 2-август “Куруучулардын күнү” деп расмий белгиленген.