Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүндө 2023-окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасы болуп өттү

21.11.2023
1975

2023-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүндө 2023-окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарагаАбадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгы, аскер бөлүктөрдүн командирлери катышты.

Жыл жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасы 2024-окуу жылына тапшырмаларды коюу жана кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчыларына Ардак грамоталарды тапшыруу менен аяктады.

Жыл жыйынтыгы менен КР КК АКК 30629 аскер бөлүгү мыкты аскер бөлүк деп табылып,  аскер бөлүктүн командирине КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысынын өтмө вымпелин  салтанатту тапшырды.