Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Куралдуу Күчтөрүндө Нооруз майрамы белгиленди

21.03.2025
463

2025-жылдын 20-21-мартында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө Нооруз майрамы белгиленди. Майрамга карата бардык аскер бөлүктөрүндө салттуу улуттук оюндар, анын ичинде Ордо, Тогуз коргоол жана башка оюндар өткөрүлүп, аскер кызматчылары майрамдык маанайда катышышты.

Ошондой эле, майрамдык дасторконго кыргыздын улуттук тамак-аштары даярдалып, анын ичинде “Сүмөлөк” да бышырылып, жоокерлерге майрамдык маанай түзүлдү.

Бул иш-чаралар Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамына кыргыз элинин бай тарыхы жана маданиятын жеткирүү максатында өткөрүлдү. Мындан тышкары, аскер кызматчылары өз ара оюндарга катышып, ар кандай сынактарда күч сынашты.