Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Куралдуу Күчтөрдүн жетекчилик курамы менен өтүп жаткан оперативдик жыйын жыйынтыкталды

13.11.2025
73

2025-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунда Куралдуу Күчтөрдүн жетекчилик курамы менен өтүп жаткан оперативдик жыйын жыйынтыкталды.

Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 2025-окуу жылындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, жаңы окуу жылына карата тапшырмаларын койду.

Жыйындын жүрүшүндө Коргоо министринин орун басарлары өткөн жылдагы Куралдуу Күчтөрүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча баяндамаларды жасашты.
 

Кыргыз Республикасынын Коргоо  Министри генерал-майор Руслан Мукамбетов, өз сөзүндө “...Жыл ичинде Коргоо министрлигинин негизги аракеттери мамлекеттин коргонуу жөндөмүн бекемдөөгө, Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Бул аракеттер мамлекеттик эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү, конституциялык түзүлүштү ишенимдүү коргоону камсыз кылууга багытталган”, -деп белгиледи.

2026-окуу жылына коюлган тапшырмаларды коюу учурунда Министр Куралдуу Күчтөрдү куруу жана өнүктүрүү боюнча пландалган иш-чараларды өз убагында жана так аткарууга, ошондой эле башкаруу органдарынын, бирикмелердин, аскер бөлүктөрдүн жана мекемелердин тапшырмаларды аткарууга даярдык деңгээлин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурду.

Жыйындын соңунда катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин буйруктары жеткирилди. Ошондой эле Коргоо министрлигинин мыкты аскердик бөлүктөрүнө Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин өтмө вымпелдери тапшырылды.