Башкы
>
Жаңылыктар
Куралдуу Күчтөрдө жаңы окуу жылы башталды
2023-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жаңы окуу жылы башталды.
Планга ылайык 2023-жылдын 1-декабрынан 6-декабрына чейин аскерлерде күжүрмөн жана мобилизациялык даярдык боюнча тактикалык-катардык көнүгүүлөр өткөрүлөт.
Окуу жылынын башталышынын алгачкы күнүндө, 1-декабрда КР Коргоо Министрлигинде жаңы окуу жылынын башталуусун белгилеген митингдер жана коомдук-мамлекеттик даярдыктан сабактартар болду.
Сабактардын жүрүшүндө аскер кызматчылар учурдагы Борбор-Азия регионундагы аскердик-саясий абал менен таанышты. Ошондой эле, өздүк курамдын күжүрмөндүүлүгүн арттыруу иштерин дагы каралды.
Өткөрүлгөн иш-чаранын практикалык элементи болуп - башкаруу органдарын жана күчтөрүн жогорку деңгээлдеги күжүрмөн даярдыкка алып келүү боюнча өзүнчө-штабдык машыгуулар саналат.